алым
- тар. Көз каранды элден алынган салык.
- Тогуз коргоол оюнунда уткан киши алган байге, утуш.
- Элге же айрым бирөөгө жагымдуу болгондук, ишенимине киргендик, алымдуу болгондук.
- мат. Бөлчөк сызыкчасынын үстүнө жазылып, бөлүнүүчү болуп келген сан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалынып сурап жооп алдым, / Тамактанып тойунуп, / Анан кайта барамын, / Алым келсе аламын, / Алдырсам өлүп каламын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Төлгөчү кара Төлөгүн, / Төлгөңдү салчы Төлөгүм, / Арстан Манас кайда экен, / Айтчы мага көргөнүн,- / Алымдардын Алакен, / Актай далы көрүчү, / Ашкере айтчу бала экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аз келгенсип анысы, / Алым, салык көп алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир аяк жарма жутам деп, Чоңколдун камчысын жегидей алым жок,— деп жооп берди берки.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →