алча
- Анча кичине эмес данектүү, кызыл тоголок мөмөлүү дарак.
- Ушул дарактын мөмөсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үстүндө чалкалай, / Чирене тээп үзөнгү, / Кебирлери кайкалай, / Кобураба, шүк дешип, / Куу түлкүнү издешип, / Түрсүлдөтө бастырбай, / Түлкүгө шыбыш алдырбай, / Алчактатып тулпарды, / Артын бопбоз чаң кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтымыш тогуз ар буудан, / Айдап кетти алчактап, / Атабыздын салты ошол, / Күлүк сүрөп ат чапмак, / Кете берсин ат айдап, / Калгандан кепти угуп бак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кызыл буурул аты бар, / Айбандын түркү көрүнөт, / Үстүндөгү мингени, / Адамдын түркү көрүнөт, / Кызыл буурул жаныбар, / Басканы башка алчактап, / Айбандан башка көрктөнөт, / Үстүндө минген адамзат, / Колунда алган кушу бар, / Канаттары жаркылдайт, / Учуруп койсо үстүндө, / Тегеренип калкылдайт, / Доол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атынын мойну алчактайт, / Айбандан түркүн миниптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Найзасы сынып кол чолок, / Бакдөөлөт калды томолок, / Сомбилек минген кара аты, / Алчактай басып жорголоп, / Эңкейип баатыр Сомбилек, / Түп этектен алганы, / Көкбөрү тартчу улактай, / Үзөңгү боого салганы / Ошол өңдүү иши болсо, / Бакдөөлөт туруп алабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →