алп
- Элдик оозеки чыгармаларда өтө зор көлөмдөгү баатыр, балбан адам.
- Өтө зор көлмөдүүлүк, теңдешсиздик.
- Дөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ам деп, / Далайлар кылды кайратты, / Асмандан ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, / Алар да келген тебелеп, / Коросон, испан, ооганды, / Ко…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алтымыш алты алпым бар, / Кесилеттен башкасы, / Тең келеби Кененим, / Жалгыз кара бир башы, / Өлтүрүп койсом бул жерде, / Жанында караан киши жок, / Кыла турган көз жашы, / Жыга чаап Кененди, / Өлтүрүп койуп нетемин, / Не муратка жетемин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арзандык менен адамга, / Арсалаңдап күлбөгөн, / Күлгөнүн киши көрбөгөн, / Күлбөгөн менен Семетей, / Адал пейил, адал сөз, / Шамдай жанган эки көз, / Адамдан нурдуу деп уккан, / Азыркы жүргөн алптардын, / Баарысынан сүрдүү деп, / Карааны көзгө токтомдуу, / Алп мүчөлүү деп уккан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алп кара куш каары бар, / Беттешкен жоого ажыдаар / Бели катуу эрлерди, / Кайда алпарып сойгондур?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →