алоо

китептерде 37 жолу, 4 китепте
  1. Жалын, оттун жалыны.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сорандык Сошойа, / Жүйрүн дөөдөн үйрөнүп, / Өнөр алып жүргөндө, / Алоокенин чоң уулу, / Алачыктай Коңурбай, / Эсен ханды ээ кылбай, / Кантонду басып киргенде, / Элчилешип Эсен хан, / Сорандыкка караштуу, / Жердин көбүн бергенде, / Кайт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эл багып бизди эр кылды, / Эр уулу менен тең кылды, / Төртөөбүз бардык бир кезде, / Алоокенин чоң калча, / Ошол бизге не кылды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күн баткан күүгүм бүрүлдө, / Кара кытай, калмакка, / Калка болом дечүү эле, / Алтымыш капка Каканга, / Арка болом дечүү эле, / Алоокенин чоң Коңур, / Нескара, Жолой оңбогур, / Мурадил, Уушаң бар эле, / Чындаша келген кездерде, / Бороончу мыкты эр эле, / Каткалаңдын Сайкалы, / Бизге жакын эме эле… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Бир шаштырып салганы, / Көз жеткис айкын талаада, / Куу казык деген бир тоо бар, / Куу казыктын башында, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Тегерегин караса, / Алоокенин Коңурбай, / Жыйырма батман туулгасы, / Кийип алып туруптур, / Кыймылдаган көп киши, / Жиги, жиги, жиги деп, / Жыйып алып туруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алоокенин чоң, уулу, / Атактуу баатыр чоң Коңур, / Алтымыштын кенжеси, / Жаңы баатыр Ороккыр, / Ал Ороккыр деген эр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →