алма

китептерде 337 жолу, 10 китепте
  1. Майда данектери бар ири мөмө ала турган жемиш багы.
  2. Ушул бактын мөмөсү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ысыккөл менен Атбашы, / Алматы калса кыргызда, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Томсортот элек кыргызды, / Тордун баарын жырылтып, / Каракөз салды бузукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кабарды айкөл угуптур, / Калкайып көңүл буруптур, / Чакырып алып Серекти, / Кабылан айтып туруптур: / — Алмамбетке барып кел, / Айтып кебиң салып кел, / Жазган катын караткын, / Жаңылыш болуп калбасын, / Аныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Байматтын, / Ал буйрукту алганда,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чубактан калган сен элең, / Алмамбеттен бул эле, / (Гүлчорону көрсөтүп), / Эмне кылган сага эле?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алмадай алып ыргытса, / Айылга келбей кетүүчү, / Ала салбай таш койсо, / Аста келип жатуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →