алкыш
- Кандайдыр бир кылган кызматы, жакшылыгы, сиңирген эмгеги үчүн билдирилген ыраазылык, жакшы тилектеги сөздөр, мактоо.
- Өзгөчө кызмат, сиңирген эмгек үчүн мекеме тарабынан бериле турган сыйлык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ажыдаардан кутулган эл алкыш айткандын гана үстүндө болду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Мурда күнү ушул жигит алтын кийикти алып келди эле кан бүгүндөн баштап түн ичинде чырак жактырууга уруксат кылды, – деп билгени-жигитке алкыш айтышып, он чакты жыл чырак көрбөгөн элдер таң калып жүрүшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Болгон Карышкырга алкыш айтып, үйүнө конокко чакырат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Кемпир, чал Жоомартка алкыш айтышып, кубангандан кудуңдап жолго түшүшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →