алкын

китептерде 14 жолу, 4 китепте
  1. Алга карай жүткүнүү, баш бербей алдыга жулунуу, жутуна обдулуу.
  2. Ээ-жаа бербей, жулкуна сүйлөп чамынуу, бейжайланып кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Качкан элдин артынан, / Майторуну алкынтып, / Кыл мурутун калкытып, / Утур келген ким болсо, / Тийишпесе тийбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Керди көрүп таңданып, / Жерди көрүп шаңданып, / Эңиш тартып зырылдап, / Карткүрөң мурду бырылдап, / Күүгүм кире бүрүлдө, / Ажыкең атта алкындап, / Чоң кокондун дарбаза, / Кирип барды жакындап, / Карт күрөңдүн төрт буту, / Дооштонуп такылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төө тыныштын тараша, / Көз жүгүртүп караса, / Кернейдин үнү барпылдап, / Асабалар каркылдап, / Алкынып турган аттары, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Казактардын хан Үрбү, / Келген экен жол менен, / Жетимиш беш сан кол менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калдалаңдап Каргалдай, / Алкынып деги тура албай: / — Алдында куурдак куура сал, / Андан кийин сойулат, / Ал конокко да бир мал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чоң –Ингендин бойунда, / Айкын түздө жатканда, / Алгара менен алкынтып, / Мен кездешкенмин арстанга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →