алкым
- Ээктин алды, тамак.
- Кулкун, кекиртек.
- Тоо этеги, тоого таёо жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алкымынан чалышып, / Карылары калжаңдап, / Тамаша кебин салышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Билейин абдан муну” — деп, / Өзү молдо Медеркан, / “Чигитей” деп кагазга, / Жети жерге чийди эле, / Эзип туруп суу менен, / Тамызып аны оозуна, / Ичирип аны ийди эле, / Алкымдан өтүп болгунча, / Өңүнө кызыл кирди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алкымында богогу, / Он эки жашар баладай, / Жакасын жаап салаңдап, / Оозунда тиши шакылдап, / Кирип келди айкырып, / Кыргыздарга жакындап, / Алымсарык чунактын, / Ойунда жок тартынмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айал-эркек урушат, / Алкымдан сыга жулушат, / Ачуусу таркай келгенде, / Айланышып турушат, / Абалкы өткөн көп сөздөр, / Аны кайдан куушат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде Тапан хан, / Тамак өтпөй алкымдан, / Ойго батты дартынан: / “Сейит менен касташып, / Ажырадым калкымдан, / Айрылдым далай баатырдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →