алка1
- Жакшы тилек, каалоо билдирүү, алкыш айтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалгасын кудай, балам, деп, / Жабырап баары алкады, / Баш көтөрүп заңк этип, / Баатыр Гүлүс айтканы: / — Э э, кулунум Куйалы, / Көзүң көрүп турасың, / Азыркы мезгил убакты, / Туура таптык биз сенден, / Бир эле кепти сурашты, / Күн батыштан эл барды, / Жөн кетпей алар кеп салды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алоокенин Коңурбай, / Алкарасы алкылдап, / Аркасынан жүргөн эл, / Ааламга батпай жер чаңдап, / Алкы-шалкы алпы бар, / Атырылган аты бар, / Ал Коңурбай калчанын, / Атасы анын Алооке, / Нарынд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бечара карыптын сообу жетсин...— деп алкап коё берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Булар сени эмнеге алкап кетип баратышат, – дейт Адил хан.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →