алк

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Адамдын тамакка, мал-мүлккө же ар кандай башка пайдага карата пейли, кулк-мүнөзү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алты какыр, жети сай, / Алкып өтө бергенде, / Кош кулагын жапырып, / Кеңкула жетти тебелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– / Айкырыгы таш жарып, / Таштан алкып баш жарып, / Кара жаак булдурсун, / Оңдоп колго карманып, / Оң -тескери булгалап, / Топоңдотуп калмакты, / Тобун бузбай кубалап, / Кыжылдаган капырга, / Кырк чоро бары жабылды, / Арстан үнүн укканда, / Туш-тушка калмак жайылды, / Карышкыр көргөн кой өңдүү, / Так ортодон жарылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бакырыгы баш жарып, / Баштан алкып таш жарып, / Кабызеттен Сейитим, / Калат беле апкаарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Пил ортосу бөлүндү, / Пилден алкып Куткарбас, / Сейитимге өлүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Момунжандан кеп алып, / Болжолу кырк күн деп алып, / Алкып учуп баратып, / Урумдун ханы Орус хан, / Он эки кыздын кенжеси, / Бир кудайдын эркеси, / Эч жеринде өөнү жок, / Бар мүчөсү келбети, / Гүлнарга Чүрөк туш келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →