али

китептерде 45 жолу, 7 китепте
  1. Ушул кезге чейин, алиге, эмгиче.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Саранжаны сен барып, / (Таш топурак оозуна!) / Айкөл шердин күмбөзүн, / Айоосуз бузуп сал, деди, / Ала тоодой өзүңдү, / Айабаган чал, деди, / Али канча ал, деди, / Тунжур төрө Бекбача, / Түк оозуна кирбеди, / Ак калпак кыргыз көп элди, / Катарга деги илбеди, / Беш бөлүнүп аскерди, / Талашты тепсеп кир, д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Али да алып келерби, / Алтын-күмүш - зарларды, / Каныкейден Карахан, / Аруукени жакшыраак, / Кем-керчи жок камдады”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлнарды берген Кенжеке, / Өзүң бил деп, энчиге, / Али алжый элекмин, / Убада сөздү унутар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Али эсимде: бир күнү талаадан өөдөлөнүп өлгөн бир токту үчүн кадимкидей ыйлап, койчусун таң аткыча сабап чыккан. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Шааысмайыл али жаш, аял алгыдай боло элек, кое турсун, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →