алжы

китептерде 17 жолу, 6 китепте
  1. Карылыгы жеткен кишинин туура ой жүгүртө алган жөндөмдүүлүгү жоголгон абал, акылдан адашуу, айный баштоо.
  2. өт. Сандырактап оозго келгенин дайынсыз сүйлөй берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– деп, / Кызыталак жедигер, / Акимди кырып тилине, / Алжып бокту жедиң, деп, / Ал айтканың чын болсо, / Келген экен эбиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимден сурабай, / Салган бойдон Саламат, / Жүрүп кетти туралбай, / Саламатты көргөндө, / Дабытай айтат мамындай: / — Сен Саламат мыктысың, / Атанын жолун жолдобой, / Акылыңдан алжыпсың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алжыгандай бай Жакып, / Айтасың кандай ушактап, / Өзүңдөн туулган Манасым, / Алтымыш уруу алаштын, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлнарды берген Кенжеке, / Өзүң бил деп, энчиге, / Али алжый элекмин, / Убада сөздү унутар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сенин үнүң укканда, / Семетей атың укканда, / Селдей жашы төгүлөт, / Алжып калган Каралөк, / Бууржундай көрүнөт, / Башын салып буркулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →