алек1
- Жибек аралаштырып токулган кездеменин түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаңыдан улук болгондор, / Ээ болуп такка конгондор, / Айагы жерге тийбестен, / Алек-далек жүгүрүп, / Каткырыгы баш жарып, / Карсылдашып күлүшүп, / Хан Калдыктан жалтанып, / Кеп кыла албай калтаарып, / Ээ болдук элге дегенсип, / Акыл айтып, нуска айт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Душманыңды кем кылды, / А тууганыңа дем кылды, / Алмамбет мында келгели, / Күңдөрүң алек кийген жок, / Күчүгүң сүткө тийген жок, / Келиндер каймак жалабай, / Кемпирлер майды карабай, / Жардыларың бай кылды, / Чайнаганын май кылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— деди, / Кабар угуп ханынан, / Алек-далек жүгүрүп, / Жетип кабар салыптыр, / Чойулган чоңдун баарысы, / Чогулуп келип калыптыр, / Ойрон болгон Тапан хан, / Оң-тескери карады: / — Чойтолоң кана, мында жок, / Минтип элден сурады, / Ханы сурап жатканда, / Көргөндөр айтпай турабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайран Тазым кеп айтты, / “Алеки салам” — деп айтты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кайра келсем Ыракымбай бери жайылып чыккан бир топ музоолор менен алек болуп жүргөн экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →