алды
- Асты жак, бет алып турган жаккы айлана, маңдай жак.
- Бир нерсенин асты, жабык жаткан же төмөн караган бөлүгү.
- Өзүнүн сапаты жагынан башкалардан артык, мыкты, жогору.
- Иш же башка нерседеги биринчилик, алдыңкы орун.
- Башкалардан илгери, мурда, арт жагында эмес.
- Башкалардан мурдараак, эртерээк озунгандар (келгендер ж.б.).
- Кандайдыр бир нерсенин башталышы, башталыш белгиси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…унан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, / Ой, Каныкей, Каныкей,” / Деген кеби ушгулат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир убакта барпаңдап энтигип элик алдынан чыкты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →