алдуу
- Күчтүү, кубаттуу, алы, дарманы бар.
- Оокаттуу, мал-мүлктүү, дүнүйөлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эчтемени элебей, / Короңдогон дагы бар, / Көргүн мени дегенсип, / Сороңдогон дагы бар, / Жакшысы бар, жаман бар, / Алдуусу бар, чабал бар, / Акылдуу бар, жинди бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…лчайып артын карабай: / “Жаным тирүү турганда, / Жандан тойгон калмактан, / Аз болгондо алтыны, / Көп болгондо алтымыш, / Жаздана жатсам экен” деп, / Алы жогун алдуусу, / Аңтара тартып атынан, / Көзгө чаап баратат, / Күчү жогун күчтүүсү, / Көчүккө сайып найзалап, / Кан агызып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Андан кала бергенде, / Алдуусу бар алсыз бар, / Камдуусу бар, камсыз бар, / Пулдуусу бар пулсуз бар, / Телегейи тең эмес, / Жетиги бар кеми бар, / Андайларын чогултуп, / Өзү тапкан дүйнөсүн, / Садага кылсак ал кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күчү жогун күчтүүсү, / Алы жогун алдуусу, / Шайы жогун шайлуусу, / Камы жогун камбылы, / Кырып кирген ызы-чуу, / Аралашкан аскердин, / Аккан каны кызыл суу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кескен казы, кошкон май, / Сары кантын коншо алып, / Табактарын кучактап, / Алдуусу келет тай сойуп, / Алда нечөө кой сойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →