алгы2
- Алдыңкы, алды жаккы, алды жагына келүүчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Такырбаш боло калганың, / Маңгыттардын Калдыкка, / Бир амалды салгының, / Бекбачаны саргартпай, / Бат куткарып алгының.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Качып кетет экен,-деп, / Элин таштап талаага, / Шашып кетет экен деп, / Айжаңжүңдүн ордого, / Кутулайын, баргын,-деп, / Улук болуп, журт сурап, / Бийлик наамын алгың, — деп, / Акыр заман элине, / Куту бийдин шаары деп, / Айтылып калсын атың,-деп, / Кечээ урушка келе жатканда, / Элсиз эрме талаада, / Агып жаткан суусу бар, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Энекем тилин алгының / Бул пейлиңен жангының / Он, он беш күндө эл көчөт, / Эл күздөөгө түшкөндө, / Элге кабар салгының / Түлөө чырак өткөзүп, / Көпчүлүк менен баргының.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Чындап алгың келсе ал, журтуңдан сенден бөлөк эстүү-баштуу киши келсин.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Болуптур, балам, таруудай калың берип алгының, – деп буйрук берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →