алача

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Жибек катыштырылып согулган ала-була кездеменин бир түрү. Мындан кийим тиккен, жууркан жасаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бириңдин атың Алача, / Бириңдин атың Карача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дарбазадан шыкаалап: / — Карача менен Алача, / Ак чөйчөккө суу алып, / Бачым кел, — деп чакырат,- / Окмогой менен Чокмогой, / Тоого кеткен аң уулап, / Он күн болду келбеди, / Бүгүн келбейт окшонот, / Эмгичекти жок турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Керней тартып нечен сан, / Келген байрак, асаба, / Кызылы аз, көгү көп, / Жол-жол болгон алача, / Баш кишиси Нескара, / Жанында дөөлөр бир канча, / Сарала байрак желеги, / Анын арка жагынан, / Мурадил колу келди эми; / Түшүп орун алганча, / Ана-мына кылг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…эрчитип алып Борончу, / Алып чыкты эшикке, / Кырчын талдай үчтөн жаш, / Кызматкер берди бирине, / Бирден келин суй салып, / Тал чыбыктай буралып, / Каркыттаган алача, / Каз мойундуу аптаба, / Колдоруна суу алып, / Олтурса орун салышып, / Кирген менен чыкканда, / Жүгүрүп эшик ачышып, / Кирин жууп тарашып, / Күнгө жайып курга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шилби, четин, ыргайы, / Табылгы, терек аралаш, / Сайып адам койгондой, / Алма менен кожогат, / Алача, өрүк, жийдеси, / Ошол жерде чоңойгон, / Жаңгагы жерге жыйылып, / Ой, чуңкурга жык толгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →