алай-дүлөй

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. Уйгу-туйгу соккон катуу шамалдуу бороон-чапкын, жаан-чачын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Таманын суудан тарта албай, / Канаттары салпылдап, / Асманга учуп чыга албай, / Суунун бети шарпылдап, / Коргошун, коло, чойун ок, / Сууга түшүп чулпулдап, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Баш аламан барсылдак, / Очогор үнү зүңкүлдөп, / Жер айрылып дүңкүлдөп, / Бараңдын үнү барсылдап, / Ашкере үнү таанылбай, / Кулак тунган карсылдак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…өнү кең, жери түз, / Өчүгүшкөн доңузга - / Кол салышсам ушуга, / Өйүз-бүйүз бөксөдө, / Эркин жаткан элдерге, / Эмгеги катуу болот го, / Баш-аламан барсылдак, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Кагышып жарак карсылдап, / Кандай заман болот, деп, / Калың журт турса кан какшап: / Коктуларда топ болсо, / Коркуп балдар боздосо, / Эркин басып … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…чыккан жаңырык, / Эрден чыккан бакырык, / Ат дабырты тапылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Сүр көрсөтүп түнүндө, / Калыбектин аскери, / Мылтык атып тарсылдап, / Алай-дүлөй - барсылдап, / Жер жарылып таш кулап, / Агып суулар шаркырап, / Боздоп учат аткан ок, / Жердин бети кызыл чок, / Кылымда мындай болгон жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карап турган канча эл, / Мен Калдуубет эр деген, / Айбатынан апкаарып, / Бастырып бара албады, / Элден чыга бергинче, / Алай-дүлөй кар жаады, / Кай кеткени билгисиз, / Көрүнбөй көзгө калганы, / Аламандап турган эл, / Ат изин таба албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →