алай

китептерде 66 жолу, 9 китепте
  1. Көздөрүн бакырайтуу, корккондо же бир нерсеге таң калганда көздөрү чанагынан чыгып, бакырайган абал.
  2. Жактырбай, жаман көрүп көздөрүн акырайтып кароо, кекете кароо.
  3. Өңүнөн азып арыктаган, көздөрү бакырайып, чоң болуп көрүнгөн абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ерди, / Таласка кирер бекен, — деп, / Болжоп турат Атынек, / Башын салып шылкыйтып, / Акыл ойлоп келет, — деп, / Келип калса хан Калдык, / Тарашанын кырында, / Алай-күн өтүп кетет, — деп, / Аны ойлойт Атынек,- / Көкбөрү келип эми эле, / Мага салат кеңешти, / Мен акылдын кени, — деп, / Менин тилим албаса, / Жеңемин деп Асылды, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жоо келсе жолдон качпайлы, / Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, / Алайып бизге келбесе, / Ат бастырып барбайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…рге, / Жалпы баарың жүргүн, деп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Барабан үнү зыңкыл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаңгырды карап алайып, / Алдыңкы ээрдин жаланып / — Береминби, бербеймин, / Өзүм билем мал-пулум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…йралат, / Амалың канча барыңды, / Алданганда Тапан хан, / Сейит менен касташып, / Арылгыс доого чалынды, / Айтканды кабыл алыптыр, / Акылдан азган Тапан хан, / Алайып тиктеп калыптыр: / — Желдеттер төртөөң кел, — деди, / Ооруктагы бектерге, / Менден кабар бер, — деди, / Бачымыраак чогултуп, / Ордого алып кел! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →