акыркы
- Эң акырындагы, кийинки, соңку, эң аяккы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атагы чыккан Айкөлдүн, / Акыркы уулу мен болсом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акыркы жообуң мен күтөм, / Асмандап, кудам, кетпегин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арага киши чаптырып, / Сейитимге айттырып: / — Үч күн берсин мөөнөттү, / Эң акыркы урушка, / Өзүм чыгам жабдынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Үстүндөгү жүгүн алып жибергиче болбой, акыркы дарманы менен арткы аяктарын бир эки серпип алды да бир демде өлүп кетти...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бурчка тынч отуруп алып, чычкандарды өткөрүп жиберет да, эң акыркы чычканды лып басып калып жеп коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →