акырек

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Далы менен төш сөөгүн бириктирип туруучу сөөк; көкүрөктүн ушул сөөк турган бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрөй элек жаш келин, / Алтындан кылган чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Эки бут чачпак кызыл чок, / Сегиз буттуу чач теңге, / Аркасында шаркылдап, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги заңкайып, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карап калды Көкчөкөз, / Ого бетер бекемдеп, / Эрдигинин чеги жок, / Эрениң келет тепеңдеп, / Алдындагы Аккула, / Башын силкип кекеңдеп, / Өпкө, боор тушу деп, / Өлөр жери ушу деп, / Акыректен чөгөрүп, / Айбалкадай көтөрүп, / Кароолун бүл-бүл житирет, / Машааны тартып жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтындан кылган чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Он эки буттуу чоң чачпак, / Аркасында шаркылдап, / Түймөсү жакут, кохар таш, / Көз уйалып жалтылдап, / Айчүрөк жеңең ал турат, / Үй мүйүз тартып к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Акыректе чоң калта, / Алты атаар огун сологон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Каштарын керип серпишти, / Катар баары келишти, / Төрттөн эки бөлөндү, / Найзаны кармап көтөрүп, / Акыректен табарсык, / Орто жерин белгилеп, / Муштап карап турушту, / Кызыл канга найзаны, / Чыктап кармаш турушту, / Тартып албай найзаны, / Мыктап кармап турушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →