акыл

китептерде 867 жолу, 10 китепте
  1. Адамдын ойлоо жөндөмдүүлүгү, эс.
  2. Кандайдыр бир иштин чечилиш жолу, амалы, ыгы же ушундай максатта бирөөгө айтылган кеңеш, ой-пикир.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Акылынан шашканбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алмамбет айткан бул кептин, / Чынында кыйла эби бар, / Акыл менен байкасам, / Мунун ойлоно турган жери бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Акылга айбан болбоду, / Айтканды алып оңбоду, / Хан Сейитек жолборсту, / Өз нээтиндей ойлоду, / Алдын алып тосоттоп, / Эр Гүлүсүм торгоду, / Сүйлөр киши жок болсо, / Мага бергин суракты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошол кыз Акыл Карачач деп акылдуулугунан айтылып, эл оозунда сөз болуп калган дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →