акый1

китептерде 22 жолу, 6 китепте
  1. Көздү айырбай жалдырап кароо; бир нерсеге зарыгуу, зарыгып күтүү.
  2. Көздөгөн максатка жетсем, ойтилегим орундалса деп дегдөө, эңсөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ар жактан келген адамдар, / Үчтөн алты киши экен, / Үйрүп кармап камчысын, / Үксөңдөп калды чакыйып, / Аңтара тиктеп көздөрүн, / Асманды тиктеп акыйып, / Орунбайды келгин, деп, / Эр Бекбача бакырып, / Жертебээр менен Кенкени, / Орунбайга тапшырып, / Үксөңдөгөн алтоонун, / Камчы менен үчөөнү, / Кара жерге жапшырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манастын атын укканда, / Тиктеди капыр акыйып, / Чанагынан чыкчуудай, / Эки көзү чакыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыйырды күмөн кылуучу: / “Бай Жакып барса ал жерге / Балам качып келер, — деп, / Ак сүтүм берген эмизип, / Акый демди билер,- деп, / Күндүз келсе көрүнөө, / Түндө келсе короого, / Үйгө басып кирер”, — деп, / Ит ажылдап камады, / Жата элек үйдө Чыйырды, / Эшикке чыгып карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ирмебей кирпик акыйып, / Көз жумулбай чакыйып, / Мен талаада жүрөмбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Капаланып Канчоро, / Акыйа тиктеп ошондо: / — Кабаган канчык, дөбөттөр, / Келипсиңер короого, / Ийиле турган жерим жок, / Ийне-жипче мен болсо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →