актык2
- Жазыксыздык, күнөсүздүк, айыбы жоктук.
- Чындык, акыйкаттык, тууралык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уга салып Кесилет: / — Айткалы келдим кеп-кеңеш, / Айтканың чын, Ачакан, / Жазыгы жок кебиңдин, / Жашырбай айттың ак сырың, / Актыгы ушул пейлиңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Актыгынан ниети, / Кармай түшүп эрдиги, / Оңтойлуу жумуш бүтүрүү, / Оңой келбейт кезеги, / “Арстан Манас баатырга, / Мен кылсамбы бийликти, / Кечээ Көкөтөйдүн ашында, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…мас болуп күлүңдөп, / Жаш арстан Сейити, / Жан айабай кылчалык, / Кылдың кызмат бизге деп, / Ыраазылык билдирип, / Арамдык бүгүп ичине, / Арамзаада Сулаймат, / Актыгы жок кичине, / Кайгыдан кызыл кан өтүп, / Тамак ичпей уу ичип, / Кара күчкө каткырып, / Хан Сулаймат кеп айтып: / — Кадырлап балам Сейити, / Чакырып келдиң бизд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Актыгы жок кебиңдин, / Сен алдайсың калп айтып, / Мен келипмин алдыңа, / Жашырбастан чынды айтып, / Жамандыкка кыйа албай, / Жаныңда турам мен кайтып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →