аксар
- Куштун бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бала баатыр Бактыбай, / Чойун алпка карабай, / Аксаргылга Сүйүндү, / Миндирип кетти тайманбай, / Испандардын Ачакан, / Чойун алпка жетиптир, / Куткарып алып кетиптир, / Туу түбүндө Чолпонбай – / Чоктой кызыл жалынга, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…на келген тулпары, / Тизгин кагып чойгулап, / Бактыбайга бурулуп, / Келе жаткан Ачакан, / Ат дүбүртүн укканы, / Эр Сүйүнгө сайдырбай, / Жолунан тосо чыкканы, / Аксаргылдан Сүйүндү, / Көмө койуп жыкканы, / Карап турган немедей, / Капташа түштү Чолпонбай, / Ал Сүйүндү өргөндө, / Жаны ыраазы өлгөнгө,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аксаргыл кула ат экен, / Адам айран калгандай, / Соорусунда кат экен, / Самаркандын деңизин, / Жөн эле кечип кеткиндей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колунан кармап Айчүрөк, / — Аксаргыл болгон алтын кыз, / Айдай бети жаркын кыз, / Кимдин кызы болосуз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Нурланып беттен кан тамган, / Күмүштөн кемер курчанган, / Күндөй бетин нур чалган, / Алтындан кемер курчанган, / Аксаргыл тартып нурланган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →