акса
- Чолоңдоо.
- өт. Тийиштүү деңгээлинде болбой, өксүк тартуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каман өлдү Нурфану, / Сынбай бутум аксадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өөдөгө келдим мөкжөңдөп, / Ылдыйга келсем бут аксам, / Агаңдын келген убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Желжетпес буту аксады, / Киши жок муну баккалы, / Бүткөн бойдун тарпы жок, / Саламаттын жатканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сабын койо бере албай, / Талаа-талаа найзасы, / Тараша кетип кыйчылдап, / Эр Тапактын тенинен, / Тер куйулуп былчылдап, / Сейитимди сайалбай, / Тапактын иши аксады, / Теңдигин колго алалбай, / Тулку бойу зыркырап, / Кар жилиги какшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Итти көрүп тартаңдап, / Качып жолго салыптыр, / Аксаган буту бугунун, / Сапа-сак болуп калыптыр, / Бергиси келсе кудайдын, / Ар бир иши аныктыр, / Эки тайган ээрчишип, / Чөпкө жетип барыптыр, / Кандай чөптү жеди, деп, / Шимшилешип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →