акмак

китептерде 75 жолу, 10 китепте
  1. Кем акыл, эси жок, акылсыз.
  2. Бирөөнү тилдөөдө, сөгүүдө, жек көргөндүгүн билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Медеркан көрүп Чигитей, / Тааныбаган болду эле, / Чигитей көрүп Медеркан: / “Ажалым жеткен экен, — деп, / Болупмун акмак бекер, — деп, / Таанылып калсам бул жерден, / Тарпымды таштап талаага, / Башымды кесип кетер, — деп, / Тааныбай мени калды” – деп, / Жолго түштү тепеңдеп, / Ме… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элге жабыр салбаймын, / Эсирген акмак, сага окшоп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Угуп муну эр Тапак: / — Желмогузга алданып, / Тапан хан болсо чоң акмак, / Куткарбастан жарымды, / Алып берем дегенге, / Алданып келген мен акмак! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…үз кылып уратып, / Жубан-келин, кызды алып, / Малды айдатып чубатып, / Эркек киндик дегинди, / Баарысын сойуп сулатып, / Кетемин деп ойунда, / Чыккан болчу бул акмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ач көз акмак карышкыр эми тоём деп тилин саландатып, түлкүнүн келишин күтүп жата берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →