аке
- диал. Ата.
- диал. Өзүнөн улуу агасы.
- Келиндер кайнагаларын тергөө иретинде айтылчу сөз.
- Өзүнөн улуу эркек адамга карата ызаат менен айтылуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Саламга алик албады, / — Кайдан келдиң, аке?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көкүмдүн жашы он алты, / Көргөн эмес ал мурун, / Анык тааный албады, / Билмексен болуп күзөтүп, / Эшимге жетип барганы: / — Эшим аке барсыңбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эркелеп өскөн Айчүрөк: / — Элчибек акем келсин, — деп / Эргип калдым эң жаман, / Кеп салып мага берсин — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ага болбоду, Чоңкол акем атчан туруп, жогору болуп, кериле түшүп, басып-басып жиберди да аны таштап коюп, ошол замат жана бирине жетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондон бери эки акем өлүп бешөө калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →