айың
- Ушак сөз, бирөөнү жаман аттуу кылып айтылган ар кандай кеп-келеч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бузулбайсың ар качан, / Бириңди бириң аркадан, / Ушак айың кылбасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Желкемен тепсеп Сейити, / Жексен кылып ал турса, / “Сексен эки кубулган, / Желмогуз экен кыз эмес, / Сейит айтты, ырас” деп, / Айыңдашып эл турса, / Кыйалым кырк, санаам миң, / Саруулап өңүм бузулса, / Тирүүлүктөн ким тойбойт, / Замана мындай кысылса, / Дартымды уксаң Тапан хан, / Сүйгөнүм, алым ушунча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайыпчалдын алганы, / Айына жакын калганы, / Акыл ойлоп Кайыпчал, / Бооз канчыктан бирди таап, / Жуунду берип кетирбей, / Багып жүрдү сак сактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Антымды эми актадым, / Аркалап жүрүп Семетей, / Сенин эч айыңды таппадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Аз калганда чыдап, айыңды бир жолу эле бүтүп келбейсиңби?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →