айып
- Күнөө, жазык.
- Кемчилик, каталык.
- Кылмышына, күнөөсүнө карата зордук, күч көрсөтүү аркылуу мал же башка нерселер менен төлөтүлүүчү салык, штраф.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түбүбүз тууган бир экен, / Ошон үчүн түтө албай, / Кебимди айтып мен турам, / Тил алсаң баргын айлыңа, / Тим эле калбай кайгыга, / Жакшы жаман кеп кылбай, / Ак никелүү зайыбыңа, / Унчукпай болгун кылмышкер, / Жалган күмөн айыбыңа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айтып койуп кыргызга, / Ач жолборстой чамынып, / “Душмандашкан калмактын, / Кара аскерде айып жок, / Хан буйругу ушул” деп, / Келген калмак караан топ, / Кененим мындай кеп ойлоп, / Каз таман найза карманып, / Касаба тоодой жарданып, / Качырып тийди алдынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– / Муну айтып Нескара, / Сындап айып таба албай, / Тапмак турсун кыйшыгын, / Толтуруп сынын ала албай, / Анда келген дөөлөрдүн, / Көңүлү болбой абдан жай, / Көргөндөн баштап Коңурбай / Көп ойлоно баштады, / Колунан келсе бул чочко, / Бир амалды тапкалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Далысын кайра салганда, / Үч жыл чыдап тура албай, / Урушка кирип жакында, / Ак кемирчек чын калып, / Айып жери ал экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат, – деп үй астындагы ордун оозун ачат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →