айым

китептерде 26 жолу, 4 китепте
  1. Зайып, аял, жар (кадырлап, урматтоо иретинде).
  2. Аялдарга карата сылыктык менен, урматтоо менен кайрылуунун формасы.
  3. Сулуу аял, жар, селки, колукту.
  4. Какшыктуу. Жатып ичээр аял.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жообуңду бергин, Кененим, / Барсаң дагы, барбасаң, / Калың казак журтума, / Болжоп келген күнүм бар, / Айтып келген айым бар, / Алдыңа келген Аккубак, / Мына мындай жайым бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алдында кеттиң сен экөөң, / Дөрбөндү алып таң / кетти, / Салышып жүрүп кыргызга, / Айым менин нак кетти, / Жанымда калбай жалгыз жан, / Чубап Каңгай ал кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ктын ичинен, / Биригип даам ичишти, / Анда Ажыбай муну айтат: / — Хан чакырар ишим бар, / Катуу кыйын жумуш бар, / Барыдан мүшкүл бир иш бар, / Аркандап келген айым бар, / Айтышып койгон жайым бар, / Күрмөшүп келген күнүм бар, / Күүгүм болжор түнүм бар, / Күрмөөсү жиптин чечилер, / Көк жалга барсам кечигип, / Күнөөмдү кайд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– Мен Турум падышанын баласымын, Рум падышанын Каракөз айым деген кызын издеп келатамын, – дейт бала. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Үйүнө жетерге бир күн калганда кандын вазири Чыныбектин Айымсулуусуна келип: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →