айык

китептерде 78 жолу, 8 китепте
  1. Сакаюу, оорудан сакаюу, оңолуу; илдет кетип, ден соолуктун жакшырган абалы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отун жыйнап, от жагып, / Түтөтүп койсо бир жерге, / Эчтемеге карабай, / Жин чогулат ал жерге, / Бакшылар билет амалын, / От жактырып салганда, / Жин чогулуп барганда, / Кармап алат кээ бирин, / Колго түшкөн байкуш жин, / Өткөрүп берет бирлигин, / Айыктырды бакшы дейт, / Аны кайдан эл билсин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айылдын баары жайылып, / Жалгыз келген баатырга, / Жалпы чыкты жабылып, / Чигитей түшүп эсине, / Торгой турду айыгып, / Батыраак кирсе экен, деп, / Көлдөлөңдү унутуп, / Тиктеп турат зарыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айыктырып алармын, төрөм, / Буйругу ушул кудайдын, төрөм, / Мунусуна көнөйүн, төрөм!- / Муң сөзүн айтып Каныкей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Алмакан эжем али айыга элек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кыз таздын башын жууп, тарап айыктырат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →