айчык
- Айдын кичирейтилип айтылышы, б.а., жаңы туулган ай.
- Жарым ай түрүндө тууга ж.б. кооздолуп сайылган сайма же тартылган сүрөт. Ал көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнүн мамлекеттик эмблемасы.
- диал. Кооздолуп жасалган кийимдин бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бол Орунбай кат жаз — деп, / Кат жазганда бат жаз — деп, / Атамдан калган алтын мөөр, / Айчыгын анык келтирип, / Айагына бек бас — деп, / Карбалас катты жаздырып, / Алтындан мөөрүн бастырып, / Ысыккөлдө ээлеген, / Кыргыз, казак аралаш, / Ирегелеш жердеген, / Баш кишиси Медербек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сайган айчык кызыл туу, / Чапчый колго кармады, / Чуу болот деп айылда, / Бастырып жөнөп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Саламат менен Ачакан, / Жылдыз чыкпас күн тийбес, / Келбес жерге кетиптир, / Жеталбадык аларга, / Деп айтып бар ханыңа / Катына катты Кененим, / Жазып койду бетине, / Айчыгы алтын чоң мөөрүн, / Басып койду четине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Терс айлантып торултуп, / Капканын кырка артууга, / Сары коонун түзүнө, / Алып барып таштады, / Сейтек жетип аңгыча, / Серпишип уруш баштады, / Айкөл Манас баатырдын, / Айчыгы алтын кызыл туу, / Белгини сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кара байрак, алтын туу, / Айчыгы алтын кызыл туу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →