айнек

китептерде 19 жолу, 6 китепте
  1. Кварц кумуна кээ бир башка заттарды кошуп эритүү жана химиялык жол менен иштетүүнүн натыйжасында алынган тунук материал.
  2. диал. Күзгү.
  3. өт. Чолпонум, тунугум, асылым деген маанилерде эпитет катарында колдонулат.
  4. сүйл. Шише, шише идиш, ар кандай шише буюмдар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен акылдын кени, — деп, / Менин тилим албаса, / Жеңемин деп Асылды, / Кыла берсе талпаза, / Өзү өлүп кетет”, деп, / Көкбөрүнүн акылы, / Атынектин көзүнө, / Айнектен тунук жарыйа, / Болор ишти болжолдоп, / Ойлоп турат карыйа, / Калың кошуун аскерге, / Көкбөрү келди аңгыча, / Каарданып карарып, / Кандуу бетке заар салып, / Ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Эки айактуу, жумур баш, / Бендеден чыккан бир балаа, / Аркасынан караса, / Эки далы айнеги, / Тай чабуучу бир талаа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Желмогузга Тапан хан, / Мындай айтат бет буруп: / — Жүзүң айнек, сөзүң бал, / Сөзүмө сулуу кулак сал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кулач карыш узарган, / Айнектин оозу кирдейт деп, / Алыскы жерге жүрбөйт деп, / Ак кадеге орогон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жылан менен арбашып турганда ал кыймылдап, же бурулуп кетпей, жыландын атын табууга аракет кылып, ар кандай ысымдарды айта баштайт: "Мар", "Могой", "Мокочо", "Кайыш", "Айнек", "Айнеккөз", "Уу", "Заар", "Чаар"! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →