айма
- Бурдап, жалмап сугунуу.
- Тырмап жулуу.
- өт. Өлтүрүү, жок кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тырды деген бир жерде, / Жедигердин элине, / Капташып жолдо калыптыр: / — Хан Каракөз баштаган, / Канча миң аскер жайнаган, / Падыша Манас тукуму, / Багынчудай айматып, / Өлүмдөн башын тартпаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аймангансып жүргүнчө, / Барбайт деген немине?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чоң атамды сойуптур, / Катынын жесир койуптур, / Атамдын аты Мадыкүл, / Жалгыз көз атка конуптур, / Манастын уулу Семетей, / Атамды аймап соруптур, / Кардыгач берген чоң тойдо, / Тайторуну суратсам, / Сейтеги бербей койуптур, / Ушул бүгүн ойлосом, / Кыргыздын шиши толуптур!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Абыкени аймады, / Көбөштү көргө киргизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аркалап жетим баланы, / Чыйырды менен Каныкей, / Кара ханга барыптыр, / Темир тоодо жол тосуп, / Олуйа Бакай калыптыр, / Жаткан Бакай тим жатпай, / Сарытазды жиберип, / Каныштан кабар алыптыр, / Эр жетилип Семетей, / Элин колго алыптыр, / Эрегишкен эзелтен, / Абыке, Көбөш, Жакыпты, / Аймап Семей салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →