айлык
- Аткарылган иши үчүн ай сайын алып туруучу эмгек акы.
- Ай бою аткарыла турган, аткарылууга тийиш болгон.
- Бир же бир нече айды ичине алган мөөнөткө туура келген, ошондой мөөнөткө ылайыкталган мезгил өлчөмү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тат, деп, / Жаман атка калбаска, / Кыргызга киши жиберип, / Урушта өлгөн эрлердин, / Бодоң баштап хандарды, / Андан башка калганды, / Кабар айтып угузуп: / “Үч айлык болсун аралык, / Анан уруш салалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– / Анда Ажыбай кеп айтат: / — Уктум эле Бейжинди, / Ары барыш алты айлык, / Бери келиш алты айлык, / Он эки айлык жолу бар, / Ошончолук оңу бар, / Таластагы төрөгө, / Жети күндө барарсыз, / Жети күндөн калсаңыз, / Желпинип турган Манастын, / Жекүүсүнө каларсыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…атырлар үнү бакылдап, / Тоо жаңырып заңкылдап, / Жана эки күн салышып, / Чыдаштык кылып тура албай, / Гүлчоро калды шалактап, / Алтайга минсе арыбас, / Карк үч айлык урушта, / Нойубаган талыкпас, / Суркойон калды далактап, / Куйруктары булактап, / Кутубайдын кара дөө, / Анда туруп муну айтат: / — Айланайын, абаке, / Кандай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жарым айлык аламан, / Жаман кыргын эл болду!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Айлыгы эки сом.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →