айкын

китептерде 28 жолу, 7 китепте
  1. Даана, бүдөмүк эмес, ачык, так, белгилүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— Дуулат баскын, сен да бас, / Менден Дуулат жакшыраак, / Жолду айкын билесиң, / Черченди карай баштап бак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айкын талаа жери кең, / Ак муздан таажы кийинген, / Атагы чыгып дүйнөгө, / Ашкере дайын билинген, / Аркайган Алатоо калды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Башынан билбес кишиче, / Башка жакка бурулуп, / Бастырып Алмаң калганы, / Киши көрүп койот, деп, / Эр Чубакты Алмамбет, / Бир шаштырып салганы, / Көз жеткис айкын талаада, / Куу казык деген бир тоо бар, / Куу казыктын башында, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Тегерегин караса, / Алоокенин Коңурбай, / Жыйырма батман туулгас… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айнектей талаа түздөрдө, / Айкындан өскөн эл болсо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айкын түздө мен калдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →