айдың2

китептерде 34 жолу, 9 китепте айдың 1 →
  1. Айбат, сүр. Айбыктым жалгыз жүзүнөн, Айдыңы менен сүрүнөн («Курманбек»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ааламга аты таанылган, / Айдыңын уккан наалган, / Атам аман бар бекен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Бакай муну айтат: / — Эки айдын алдында, / Мен бир белги көргөнмүн, / Гүлчоро менен Сейитек, / Каныкей менен Айчүрөк - / Баарыңарды чогултуп, / Бир айтсам деп жүргөмүн, / Жашылдан күрмө жеңи … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жанына барып, жай алып, / Анда жатып жайланып, / Барып келген жолунан, / Баштан айак кеп салып: / «Он беши күнү бул айдын, / Падышаң сенин Семеңди, / Кең Таласка күмбөзгө, / Алып барамын — деп — салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →