айдар1

китептерде 135 жолу, 8 китепте
  1. Эркек кишинин төбөсүнө коюлуп, өрүлгөн узун чачы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жайнап кошуун бөлүндү, / Манастын уулу Жайдары, / Алтын айдар жаш Асыл, / Ал жалаңгыч көрүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мадыбек атын укканда, / Бетинен карыш түк чыгып, / Көзүнөн жалын от чыгып, / Аркасынан караса, / Айдар коңур жал чыгып, / Бет маңдай келген адамдын, / Басалбай буту тырышып, / Атанын тузун актаган, / Асли түбү чын арстан, / Мадыбекти көргөндө, / Түшө калды атынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Буулугуп калган кезиби, / Урунарга тоо таппай, / Урушарга жоо таппай, / Айдарына мал таппай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бузуку болсо арада, / Батырат кээде санаага, / Кытайдан келген Алмамбет, / Казакка келип эл болгон, / Айдаркандын Көкчөгө, / Арка тирек бел болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аркасында укмуштуу, / Айдар кара жалы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →