айдак

китептерде 2 жолу
  1. Итти бирөөгө же бир нерсеге тукуруп, «кубала», «ал», «тиште» деген мааниде кыйкырып айтылуучу сөз.
  2. Короо кайтарганда ит-кушка, ууру-бөрүгө дабыш салып, сес кылуу үчүн колдонулуучу кыйкырык.
  3. өтм. Бирөөгө каршы көкүтүү, тукурук. Бирөөнүн айдагына көнбөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалгыз көздү тургузбай, / Артынан өлүм айдактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Эркине койбой айдактап, / Нээтинде ишин кылган, бейим?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →