айдай
- Ай жамалдуу, татынакай, сулуу, ажардуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айдай эне Айчүрөк, / Арыбын айтып адамдын, / Акылы жетпес, сөз жетпес, / Асманда учса канаттуу, / Сууда жүрсө балыктай, / Ар өнөргө санаттуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…т: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тогуз уул кенжесин, / Кар кылбасын жасаган, / Мындай кылып пендесин / Ары өткөнү бирди чаап, / Бери өткөнү бирди чаап, / Айдай нурдуу бетинен, / Кызыл кан турат тамчылап, / Ойун кылып алыптыр, / Арык уйдай камчылап, / Качырга салган токум жок, / Жайдак минип соксоңдоп, / Желгени катуу …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөндөй шер келди, / Артыла тууган атадан, / Сейтек сындуу эр келди, / Айдай Чүрөк уз келди / Өлжо башы Кутубай, / Аа кошулуп бир келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бели кындай, бети айдай, / Белдүү чочко Коңурбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →