айгыр
- Жылкынын үйүргө кошулуучу эркеги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ы, / Алтымыш балбан кошо алып, / Тартууга берип Каканга, / Андан аскер алам деп, / Алтын, күмүш мол алып, / Азык-түлүк артканга / Беш жүз ашуу нар алып, / Алды айгырдай бел ашып, / Аладырдай жер басып, / Черчен, Лопнур, Турпанды, / Кумул, Баркөл, Манасты, / Түп көтөрө чаап алып, / Кокту катка барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Куугундан аттар кутулуп, / Арт жагына бурулуп, / Боз жорго баштап бардык ат, / Таласты карай чубуруп, / Чубактын аты Көктеке, / Бычылбаган мал эле, / Айгырлык жагы бар эле, / Кош кулагын жапырып, / Оттоп туруп алганын, / Соорудан тиштеп качырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркасында айдары, / Тору айгырдын жалындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мунун «күлүктүгүн» ошондон баамда: кээде, баласын урам деп айгырын минип алып кубалаганда, жөө немеге жетпей калуучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →