аз2
- Тенти, каңгы, бозуп кет.
- Арыкта, жүдөө тарт; өңдөн, эттен түш, жабык.
- Жакырдан, жардылан; түгү жок кедей болгондук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…анасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жоо келсе жолдон качпайлы, / Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, / Алайып бизге келбесе, / Ат бастырып барбайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элден азып сен кеттиң, / Айчүрөктөн башкабыз, / Баш көтөрбөй сенделдик.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Анысы аз келгенсип, макул болду деп биздин сыртыбыздан приговор жасап, он жетини он тогуз кылып, кыркты отуз кылып каттап берип отурасыңар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →