азоо

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Адамга карматпай, байлатпай же жакын жолотпой качма; үйрөтүлбөгөн, чалпоо, жоош эмес.
  2. өт. Ыргыштамасы бар, жөнгө көнбөс, кыялы чатак, чалпоо (адамга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балдары майга карабай, / Катындар каймак жалабай, / Шернеге сойуп балдары, / Кысыр эмди азоо тай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Он эки катар тай чабым, / Тартып салган желеден, / Жылкы аралап келди эле, / Асый, бышты сандан көп, / Тобурчак, чалыш аралаш, / Толуп жаткан аты көп, / Эч бирине карабай, / Көзүнө жылуу көрүндү, / Кысыр эмди азоо тай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ул- келин, / Курбу-курбу ташта өлсүн, / Алысак тартып чубатып, / Арыктап төөлөр чөлдө өлсүн, / Ашарга иштеп аш таппай, / Азаматтар ачка өлсүн, / Куугунда өлсүн азоолор, / Куйугуп өлсүн кулундар, / Чачылсын алтын пулдарың, / Тартып алам бүт баарын, / Азапка салам элиңди, / Ашырбай айтам кебимди, / Эртеден бери, Кененим, / Кети… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…р-токумун кылдатып, / Жаагын жанып күкүктөй, / Ырчылары ырдашып, / Өйүз-бөйүз кыз-келин, / Акыйнегин айтышып, / Теңселе басып келишип, / Селкинчегин тебишип, / Азоону минип түйүлтүп, / Арты-артынан келишип, / Уландар теңге эңишип, / Уул үйлөп, кыз беришип, / Чочок кесип, той берип, / Үлүш болуп дуулдап, / Байге бөлүп кунан ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көргөн жерде Гүлүстөн, / Чалма салып ат кармап, / Азоо минип, жылкы айдап, / Машыгып чыккан Гүлчоро, / Чалмасын шилтеп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →