азиз1

китептерде 37 жолу, 7 китепте азиз 2 →азиз 3 →
  1. Ардактуу, кадырлуу, ыйык, кымбат, аздек.
  2. өт. Олуя, ыйык, касиеттүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карап турган Бекбача, / Май торуну чуратып, / Чаңды асманга созултуп, / Манас деген үн чыгып, / Кадимки Чубак үндөнүп, / Азиз хандын Алмамбет, / Так ошондой сүрдөнүп, / Алдындагы Май тору, / Тел кызылдай зыркырап, / Көзүнөн жалын шыркырап, / Ойрон Сыргак жолборстой, / Найзасынан үн чы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Азиз хандын Алмамбет, / Эңиш тартып кеткени, / Караанын көрүп алыстан, / Элесин болжоп арыштап, / Ээленип алган эр Сыргак, / Атын санга салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ал Жүйрүн дөө урушта, / Сегиз миң жыл жашаган, / Сексен миң эрди ашаган, / Эсиргенден Жүйрүн дөө, / Азиз хандын Сошойа, / Окуп жүргөн алдында, / Соогасына берем, деп / Алма баш мылтык жасаган, / Өз өмүрүн кастаган, / Тирүү инсан баарысы, / Жаздым болгон баштатан, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Азиз хандын доорунда / Мына ошонун шаарында, / Өзүнүн көзү барында, / Падышалык чен тонун, / Балама белек болсун деп, / Падышага тапшырган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…инге, / Баргынчакты унутпа, / Эгиз эркек тууйт экен, / Карыганда Кененим, / Курчанып белин бууйт экен, / Мурун жерге түшкөнү, / Өмүрү кыска шекилдүү, / Жолборс азиз азуулуу, / Өмүрү кыска жандар бу, / Асманда куш канаттуу, / Өмүрү узун мына бу, / Кийинкиси уулумдун, / Өмүрү узун болот бейм, / Аз болгондо жер бетин, / Бир а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →