азел

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. диал. Эзелден, эчактан бери, жаралгандан эле.
  2. диал. өт. Эч бир, такыр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Азелде кеткен жазууга, / Амалсыз адам көнөбүз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Азелде тагдыр шол экен, / Алыс кетсем үч күндө, / Арада калсам бир күндө, / Аларга жете барамбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Азелде насип тузу бар, / Ан үчүн келди бул элге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Арсаңдап күлүп Семетей, / Агартып тишин кылайтат: / — Айланайын, абаке, / Азелде асыл буйумдан, / Кара чай чыгат кытайдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айтканымды мен кылдым, / Азелде кайрат сен кылдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →