азгыр

китептерде 37 жолу, 8 китепте
  1. Бирөөнү өз оюна көндүрүү, кызыктырып өз тарабына тартуу, макулдатуунун, ынандыруунун аракетин кылуу.
  2. Жаман, терс жолго салуу же бузук ишке баштоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…өк күмбөз, / Адамдын алы түк келбес, / Карадөө каны чачылды, / Сыйкырлуу күмбөз ачылды, / Жан жүрбөстөн Кызылкум, / Адамы жок, суусу жок, / Арамзада Сулаймат / Азгырып жолго салганда, / Жетик калча баш болуп, / Жети дөөнүн тукуму, / Жете келип асылды, / Жетик туулган эр Сейит, / Качан андан шашылды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жол бошотуп силерге, / Аны азгырып мен кетип, / Таластын тарпын чыгаргын, / Токтоо кылбай түз жетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лай менен Карабөрк, / Кара баштуу айалдан, / Кашкайа чыккан жамандан, / Катындын тилин албайт, деп, / Тазбайматты алдаган, / Далыга уруп жандаган, / Атын берип азгырып, / Тон беришип жаптырып, / Каттама берип, эт койуп, / Казы-карта таттырып, / Алдына койуп аракты, / Айабастан мас кылып, / Көп санаадан козгошуп, / Көз жашы ме… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тоо аралап кетсек деп, / Сейитимге кез болдук, / Тапан ханды азгырып, / Кара жүз, элди жеп болдуң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айла кылып азгырып, / Семетейди Буурулдан, / Айрылттым мен бул күндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →