азат

китептерде 9 жолу, 7 китепте
  1. Эзүүдөн, көз карандылыктан кутулган эркин абал.
  2. Адамдын камактан, туткундан ж.б. бошонуп чыккан абалы, боштондугу, эркин абалда жүрүшү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Малды көрсө эр азат, / Бекер дүйнө бар десе, / Албаймын деп ким качат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Адам тилин сүйлөгөн, / Сумурук куш бошонуп, / Азат кылып аларды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Пайгамбар ак диним ак, / Бейжинде калган алтын так, / Мелтиреген тозоктон, / Бойуңду азат кылам деп, / Качып келген ушул чак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көк асман турса мелмиреп, / Көк тиреп зоолор мелтиреп, / Күн көрө албай жаш кезде, / Көңүлүм азат темтиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
…, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло түшкөндөй болуучу элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →