аза
- Өлгөнгө байланыштуу кайгы-капа, катуу күйүт; ыйлап-сыктап кайгырып, күйүт тартуу салты.
- Өлүккө кеткен чыгым үчүн өлгөн адамдын сөөк-тамыры, туугандары тарабынан берилген кошумча, жардам (мал-мүлк, акча ж.б.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үргөн катындан, / Баарын билген жакырдан, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшүп калса да, / Эпилдеп айткан кыйын сөз, / Барынча кийип жасанган, / Базарга барган азандан, / Кечкече өзүн саткандан, / Кеч киргенде кайткандан, / Тартынбаган кандайдан, / Таамай кебин айткандан, / Жалганды чындай эптеген, / Кыз кыйалы кетпеген, / «К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Абасы салкын жерде өскөн, / Коркуп элдер басалбай, / Ышкырса жылан азандай, / Жол жүрүп келген кайран эл, / Уктап кумар жазалбай, / Бардап көзүн ачалбай, / Тентип кетип өлөм деп, / Же кайра артына качалбай, / Камалып жатып эки күн, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Кангайлардын байагы, / Ыраңкүдүк молдосу, / Аза уул болгон жолдошу, / Мөңгүнүн суусун ашаган, / Антип-минтип бу капыр, / Үч жүз он беш жыл жашаган, / Туула элек кезде эле, / Манас туулат деп айткан, / Айтканынын баары чын, / Жалганы жок келаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эл караанын көргөндө, / Айгырдан жаман аркырап, / Ачуу үн чыгып даркырап, / Аза күтүп жаныбар, / Көзүнүн жашы бурчактап, / Ыйлап жатып Телкүрөң, / Кесерден төмөн шакшактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кырк бир жолдун кошкондо, / Кырка-кырка сарай бар, / Караса көздү уйалтып, / Жылтырап турат сарайлар, / Моймолжуган кыздар бар, / Мөлтүр кашка суулар бар, / Аскан сүрөт жаны жок, / Кызды көрүп азаарсың, / Ошону табам деп жүрүп, / Мээнеттүү жолду басарсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →