ажыра

китептерде 214 жолу, 10 китепте
  1. Жигинен, бириктирилген жерден бөлүнүп кеткендик, арасы ачылып жарылып калгандык.
  2. Алыстап кеткендик, бирге болбой, бөлүнүп калгандык.
  3. Кол үзүү, айрылып калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтса айтпаса ырас кеп, / Бөлүнүп барып Каракөз, / Үч авазир, өзү төрт, / Ажырап калып калкынан, / Ичи жалын кызыл өрт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Алаканга түкүрүп, / Жакаларын жыртышып, / Кемерлерин үзүшүп, / Ат үстүндө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, / Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Олтурарга жай таппай, / Жээрине нан таппай, / Ачкалыктан кырылсын, / Азык-түлүк, мал-мүлкүн, / Ажыратып алыңар, / Акыр-такыр заманды, / Башына бачым салыңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…улдун, / Чылбырын кармап кыскартып, / Жүрү, абаке, жүрү, деп, / Буурулду тартып калды эле, / Кайып кыздар чогулуп, / Ортосуна алды эле, / Гүлчородон Семейди, / Ажыратып ала албай, / Алда кандай адам, деп, / Айран-таң болуп калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Айласы кеткенде сууга өзүм түшөйүн, бир тууганымдан ажыраганча, өлгөнүм жакшы деп сууга түшмөкчү болгондо атына тил бүтүп: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →